Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кабыл алынса шайлоого байлар гана катыша аларын билдирди.
“Өзүн өзү көрсөткөн талапкерлерге 100 миң сом күрөөнү 300 миң сомго көтөрүү сунушталууда. Демек, кимге 300 миң сом көп акча эмес болсо, ошол шайлоого катыша алат. Мугалим, өрт өчүрүүчү, дарыгер шайлоого бара албайт. Кедей болсоң шайлоого катыша албайсың деген сөз. Бул байлардын гана шайлоосу болот”, — деди ал.