• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бекешев Майлуу-Сууда окуучулардын каникулун узартууну сунуштады

16 Үчтүн айы 2023 10:00 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев Майлуу-Сууда окуучулардын каникулун узартууну сунуштады. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди.

Анын айтымында, шаарда авариялык режим киргизилип, ысык суу жана шаардыктардын үйлөрүнө жылуулук бериле элек. «Ал эми сыртта дагы эле суук. Майлуу-Суу шаарындагы мектеп окуучуларынын каникулу узартылса, туура болмок», — дейт Дастан Бекешев.

13-январда Майлуу-Суу шаарында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Шаарда катуу сууктан улам жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен камсыз кылган суу түтүкчөлөрү тоңуп калган. Натыйжада калкка жылуулук жана таза суу берүү токтотулган.

Количество просмотров: 179