• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бекешев суук түшкөндүгүнө байланыштуу мектеп окуучуларын онлайн окутууну узартууну сунуштады

8 Үчтүн айы 2023 15:33 Бишкек Govori.TV

Депутат Дастан Бекешев суук түшкөндүгүнө байланыштуу мектеп окуучуларын жана бала бакчаларды онлайн окутууга которууну сунуштады. Мындай сунуш менен депутат билим берүү министри Улан Мамбетакуновго кайрылды.


«11-январда суук болуп, ошол күндөн баштап балдар мектепке барышат. Бишкектин коомдук транспорту ушундай суукка даяр эмес, мектептер менен бала бакчалар даярбы? Билим берүү министринен онлайн режиминде окутууну бир нече күнгө узартуу жөнүндө ойлонууну суранды»,-деп жазылат маалыматта.


Белгилей кетсек, ӨКМ гидрометеорология кызматынын маалыматы боюнча, кийинки жумада Кыргызстан боюнча катуу суук күтүлөт. Өлкөнүн алыскы райондорунда минус -38 °га чейин жетет.

Количество просмотров: 2003