• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Тилектеш маршы. Депутат президентке кайрылып, ИИМ башчысын кызматтан кетүүсүн сунуштады

9 Жалган куран 2020 14:05 Бишкек Govori.TV

Аялдар — жумуртка ыргытып же билек күчүн сынап көрчү бута эмес. Бул тууралуу ЖК депутаты Дастан Бекешев фейчбуктагы баракчасына жазды. Ал ачык кат аркылуу президентке кайрылды.

ЖК депутаты Дастан Бекешов пландалып, бирок өтпөй калган аялдар маршы тууралуу пикирин билдирип, президентти толук кандуу жүрүштү уюштурууга катышууга чакырды. Бул тууралуу парламент мүчөсү өзүнүн блогунда жазган.

Бекешев «бет капчан бандиттер аялдардын оозуп жаап, милиция болсо көз көрүнөө аларга мындайга жол бергенин» белгилеген.

Муну менен бирге парламент мүчөсү «жетекчиликтин митингди кууп таратуу боюнча дайны жок тапшырмасын аткарган милиция кызматкерлери өздөрүн оңтойсуз сезишти го» деп божомолдогон

«Кечинде үйүнө барган сержант же старшина жубайы менен кыздарына 18деги кызды автобуска сүйрөгөнүн сыймыктанып айтып бербесе керек. Кылмыштуулуктун алдын алып, кримтөбөлдөр менен күрөшүүнүн ордуна биздин милицияны ушундай тапшырмаларды аткарууга жиберишкени мени өкүндүрөт. Кечээки окуядан кийин ички иштер министри отставкага кетип калуудан башка артык эч нерсе кыла албайт деп ойлоймун», — деп жазган ал.

Ошондой эле эл өкүлү 8-мартта аялдардын колдорун толгошуп, жумуртка менен аткылашканына уяларын белгилеген.

Депутат Сооронбай Жээнбековго кайрылып, тең салмактуулукту колдогон бардык адамдар катыша ала турган толук кандуу аялдар маршын уюштурууга катышууну суранган.

«Өлкө башчы катары сиз кыргыз аялдары жумуртка менен атып же билек күчүн сыначу бута эмес экенин көрсөтүшүңүз керек», — деген Бекешев.

Муну менен бирге Дастан Бекешев президенттен Башкы прокуратурага ички иштер органдарынын жетекчиликтеринин иш-аракеттерине укуктук баа берүүсүн буюрууну өтүнгөн.

Количество просмотров: 636