• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бекешев: Айдоочулар президенттен тарта мэрге чейин сөгүп жатат

15 Жетинин айы 2018 10:35 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.11.2018.Govori.TV. 
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жааган кар шаардыктарга бир топ кыйынчылык жаратып, эл шаардын бир четинен экинчи жагына барууда бери болгондо 1,5-2 саатка чейин убактысын коротуп жатканын айтты.
«Айдоочулар президенттен тарта депутаттарды, мэрди сөгүп жатат. Себеби жолдун баары тыгын. Бир жакка барайын десе, эки саатка чейин убакыт кетүүдө. Мэрия маселени чече албай жатат. Андыктан жол тилкелеринин үч полосасын бир тарапка кеткидей кылып жасайлы. Элдин убактысы жолдо эле калууда», — деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкекке 13-ноябрда кар жааган. Шаардын муниципалдык кызматтары көчөлөрдү тазалоо үчүн таңкы саат төрттөн тарта иштешүүдө.

 

Количество просмотров: 31