Бүгүн, 23-октябрда ЖК жыйынында депутат Дастан Бекешев Медиа каражаттарында жана интернетте, анын ичинен социалдык түйүндөрдө жалган маалыматтарды тараткандарга айып пул салуу тууралуу мыйзамы боюнча каршы пикирин айтты.
Дастан Бекешев сунушталып жаткан айыппулдун өлчөмү негизсиз жогору экенин айтат. Мындан тышкары депутат бул мыйзам кабыл алынса, ал чиновниктер үчүн гана иштейт деген пикирин билдирди.
“Жол кырсыгына кабылган айдоочуга 10 миң айып салынса, ал эми интернетте бир чиновник жөнүндө жазып койсоң 100 миң сом төлөйсүң. Бул жөнөкөй кишилерге иштебейт. Бул жерде айрым депутаттар “менин башымдан өткөн” деп айтып жатышпайбы. Сынга чыдабаса, анда саясатка келбесин да. Назик болуп үйдө отурушсун. Ырас саясатка келдиби демек чыдаш керек. Ал эми жөнөкөй жаран министрликке барбайт”, — деди Бекешев.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салууну сунуштаган мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда колдоого ээ болду.