Бишкектин Биринчи май райондук соту саясатчы Азимбек Бекназаровду 2-ноябрга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.
Жактоочунун айтымында, сот саясатчынын бөгөт чарасын жана аны кармоонун мыйзамдуулугун 14-сентябрда карады. Анын кармалышы мыйзамдуу болгон деп тапты.
Атайын кызмат Азимбек Бекназаровду кармаганы 12-сентябрда белгилүү болгон. Мекеме бул боюнча 13-сентябрда маалымат таратып, кармоону 2010-жылдын апрелиндеги окуяларда банк кутучаларынан жана өкмөт үйүнөн алынган акчаны уурдоо жана коротуу фактысына байланыштырган. Кылмыш-жаза кодексинин «Легалдаштыруу, кылмыштуу кирешелерди ири өлчөмдө адалдоо» (222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда) беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.