• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бекназаров кызматынан бошотулду

5 Баш оона 2022 18:57 Бишкек Govori.TV

Бекназаров Азимбек Анаркулович Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Мындай чечим Азимбек Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинде Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Азимбек Бекназаров элчилик кызматына 2019-жылдын декабрында дайындалган.

Количество просмотров: 680