• Жекшемби 4 Бештин айы 2022
  • Воскресенье 4 Декабрь 2022

Бекназаровдун ордуна Айтакунов келди

17 ноября 2022 в 11:59 Бишкек Govori.TV

Айтакунов Кубанычбек Маратбекович Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкек мэриясынын Свердлов администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысынын биринчи орун басарынын кызматын Бекназаров Руслан Азимбекович ээлеп келген.

Количество просмотров: 264

Бишкектеги 4 райондун атын өзгөртүү сунушуна макулсузбу?

Жыйынтыгын көрүү

Биздин команда