• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Бектен Эркебай уулу Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды

13 Жетинин айы 20239:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бектен Эркебай уулу Ереван шаарында (Армения) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды.

Спортчу 88 кг чейинки салмакта күжүрмөн самбо боюнча катышып алгач 1/8 финалдык беттеште франциялык спортчуну утса, 1/4 финалдык беттеште жаңы зеландиялык балбанды жеңген.

Жарым финалдык беттеште армениялык балбанга утулуп жыйынтыгында коло байге уткан.

Количество просмотров: 76