• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Беларусь премьер-министри Головченко Кыргызстанга келди

25 Тогуздун айы 2023 20:20 Бишкек Govori.TV

Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко Кыргыз Республикасына келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

“Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь премьер-министри Роман Головченкону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Белгилей кетсек, Роман Головченко үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Количество просмотров: 63