• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Беларус санкциялардан улам Өзбекстандан товар сатып алууну көбөйтүүнү пландоодо

26 Чын куран 2022 12:44 Бишкек Govori.TV

Беларус санкциялык тизмеге кирген товарлардын бир бөлүгүн Өзбекстандан сатып алууга ниеттенип жатат. Бул тууралуу беларус премьер-министри Роман Головченко өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов менен Ташкентте жолукканда билдирди.

«Беларус Өзбекстандан товарлардын импортун көбөйтүүгө кызыкдар. Өзгөчө Батыш өлкөлөрү санкцияларды киргизген азыркы шартта өзбек товарларын сатып алууну көбөйтүүгө даярбыз», — деди Головченко.

Ал биринчи кезекте сөз жип, металл, азык-түлүк жана жашылча-жемиш жөнүндө болуп жатканын айтып, Беларуста бул товарларга суроо-талап жогору экенин белгиледи.

Головченконун айтымында, 2017-жылдан бери Беларус менен Өзбекстандын ортосундагы товар алмашуу көлөмү беш эсеге өскөн.

Өткөн жылы эки өлкө ортосундагы товар алмашуу көлөмү 301,9 миллион долларды түзгөнү, бул 2020-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 7,8% көп экени кабарланган.

Лукашенко 2020-жылы августта Беларуста өткөн президенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акцияларды күч менен тараткан соң Батыш өлкөлөрү Минскке каршы санкцияларды киргизген.

Количество просмотров: 114