• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Беларуста президенттик шайлоо өттү

9 Баш оона 2020 21:33 Бишкек Govori.TV

9-августта түштөн кийин Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Лидия Ермошина добушканага шайлоочулардын 54% келгенин жарыялады. Бул шайлоо өттү дегенди билдирет.

Анын айтымында, Минскиден башка бардык аймактарда катышуу көрсөткүчү 50% жогору. БШК төрайымы бул эсепти күн мурунтан башталган добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кошууда.

Ермошина Минскидеги шайлоо тилкелеринде кезек көбөйгөнүн, өз алдынча байкоочулардан арыздар түшүп жатканын белгиледи.

Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келаткан 65 жаштагы Александр Лукашенко бул жолу да шайлоого катышууда. Анын негизги атаандашы — үй кожейкеси Светлана Тихановская. Ал күйөөсү, оппозициячыл саясатчы Сергей Тихановскийди талапкер болууга жеткирбей бийлик камап салгандан кийин саясатка барууну чечкен.

Борбордук шайлоо комиссиясы азыркы президент Александр Лукашенко баштаган беш адамды — Светлана Тихановскаяны, Андрей Дмитриевди, Анна Канопацкаяны, Сергей Череченди талапкерликке каттаган.

Количество просмотров: 6224