Бүгүн, 20-декабрда, Кыргыз Республикасынын эл артисти Валентина Гилканы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, коштошуу иш-чарасы саат 10:00дө Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театрында өтөт.
Эске сала кетсек, Валентина Гилка 2021-жылдын 18-декабрында 80 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.
Валентина Григорьевна 1941-жылы 23-ноябрда Украина ССРинин Донецк шаарында туулган. 1958-жылы Днепропетровск театралдык окуу жайынын режиссердук факультетине тапшырган. 1964-жылы Харьков театралдык институтун аяктап, Закарпатский драма театрынын труппасына актриса катары кабыл алынган. Кийин Белгород, Астрахань, Иваново, Свердловск театрларында актриса болгон.
Валентина Григорьевна 1975-жылдан бери Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында эмгектенип келген. Көрүнүктүү актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин режиссер жана продюсер катары чыгармачылык ишмердүүлүгүн уланткан. Белгилүү актриса көптөгөн ролдорду, образдарды жараткан.