• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат

15 Баш оона 2018 9:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.08.2018. Govori.TV

Узакка созулган оорудан улам каза тапкан белгилүү алып баруучу Салтанат Саматованын сөөгү 16-август күнү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу кесиптеши Эркин Рыскулбеков билдирди.
Эскерте кетсек, Саматова 15-августка караган түнү саат 1.30дарда көз жумган.
«Саат 10.00дө КТРКнын алдында митинг-реквием өтөт. Андан кийин сөөк «Ала-Арча» көрүстөнүндө жерге берилет», — деди Рыскулбеков.
Салтанат Саматова жети жылдан бери онкологиялык илдет менен күрөшүп келген.

 

Количество просмотров: 19