• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Шаркан-Сай каналынан 21 жаштагы келиндин жансыз денеси табылды

14 Жетинин айы 2018 9:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.11.2018. Govori.TV
Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей,Өзбекстандын аймагындагы Шаркан-Сай каналынан 21 жаштагы келиндин cөөгү табылды.
Маалыматка ылайык, каза болгон келин Ош облусундагы Кара-Суу районунун тургуну болгон. Маркумдун атасы кызын 2-ноябрдан бери дайынсыз болуп жаткандыгын айтып, милицияга кайрылган.
Дайындалган экспертизанын жыйынтыгында күч колдонуу белгилери байкалган эмес. Бирок, маркумдун кошуналарынын айтымында, ошол күнү уруш-жаңжал болуп, келин кумшекер төгүп алгандыгы үчүн күйөөсү менен кайненесинен таяк жеген.
«Бул фактылардын негизинде «келинди өз өмүрүн кыюуга жеткирген» деген версия каралууда», -деп билдирет мекеменин маалымат кызматы.
Количество просмотров: 31