• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кадыржан Батыровдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилди

9 Бештин айы 2018 10:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 09.12.2018. Govori.TV
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты, бозгунда жүрүп көз жумган Кадыржан Батыровдун сөөгү Өзбекстандын Ташкент облусундагы Занги-Ата районунда жерге берилди.
Маркумдун жакындарына райондун акимчилиги алгач сөөктү жашырууга уруксат берген эмес. Узакка созулган сүйлөшүүдөн соң макулдук алынып, райондогу көрүстөндөрдүн бирине көмүлдү.
Маркумдун жакындары анын сөөгүн Жалал-Абадда жерге берүү мүмкүнчүлүктөрүн караштырган. Буга байланыштуу маселе жергиликтүү жетекчилер, аксакалдар жана расмий адамдар менен кеңешилген. Бирок сөөктү Кыргызстанга алып келбөө тууралуу чечим кабыл алынган.
Кадыржан Батыров 4-декабрга оогон түнү Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Маалыматтарга караганда, ал куптан намазын окугандан кийин жаткан бойдон ойгонгон эмес.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборун мурда жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда «улут аралык жаңжалды козуткан», «жикчилдикке чакырган», «калайман башаламандык уюштурган» деген айып тагылган жана өмүр бою эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Ал өзү 2016-жылдын октябрь айында «Азаттык» радиосунун өзбек кызматы менен болгон маегинде Кыргызстандан 2010-жылдын 20-майында ошол кездеги Убактылуу өкмөттүн “өтүнүчү” менен чыгып кеткенин билдирген. Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү Батыровдун бул айткандарын четке каккан. Батыров бир нече жыл мурда Швециядан саясий качкын макамын алган.
Булак: «Азаттык»
Количество просмотров: 42