Орзубек Назаров өзбекстандык криминалдык авторитет «Салим Байбача» деген ат менен белгилүү болгон Абдувалиев Салимбай боюнча УКМКга сурак берген.
Маалыматта айтылгандай, УКМК органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө О.Назаровдун С.Абдувалиев менен байланышы бар экендиги аныкталган.
«Үстүбүздөгү жылдын 3-сентябрында «Уюшкан топторду жана кылмыштуу жамааттарды каржылоо» беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, О.П.Назаров КР УКМКнын тергөө органдары тарабынан С. Абдувалиев менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суракка алынды.
Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында С.Абдувалиевдин кылмыш ишине тиешеси бар башка КР жарандарын аныктоо боюнча тергөө ыкчам иш-чаралары улантылууда», — деп жазылат.
Ошондой эле УКМК Назаровдун видеокайрылуусу менен бөлүшкөн.
Анда ал Абдувалиев менен кандай жагдайда жолукканы тууралуу айтып берген.
Орзубек Назаров — советтик жана кыргыз мушкери. СССРдин, Япониянын, Европанын, Азиянын жана дүйнөнүн көп жолку чемпиону. Коомдук ишмер. СССРдин эмгек сиңирген спорт чебери. WBA версиясы боюнча профессионалдык мушкерлер арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону.