Белгилүү ырчы Мирбек Атабеков үй-бүлөсүн карактап кеткен окуя боюнча адилеттүүлүк талап кылып, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
Кайрылуусунда ырчы бул факты боюнча тергөөдө көптөгөн мыйзам бузуу болгонун айтты.
«2019-жылы дал ушул үйдө апам менен карындашымдын колун байлаган чоң кылмыш болгон. Ал убакыттан бери төрт жылдан ашык убакыт өттү. Биздин кайрылбаган жерибиз калган жок, чоң резонанс дагы жаратканбыз. Ишти жаап салышыптыр», — деди Мирбек Атабеков.
Эске салсак, 2019-жылы 6-майга караган түнү КРдин эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабековдун апасы менен карындашын байлап, үйүн карактап кетишкен.