Бельгиянын француз тилдүү аймактарында жана борбор шаар Брюсселде башталгыч жана орто мектептерде окуучуларга смартфон колдонууга тыюу салынды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
Валлония — Брюссель билим берүү тармагы тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык, француз тилин үйрөткөн 373 мектепте башталгыч жана орто мектеп окуучуларына смартфон алып жүрүүгө тыюу салынат.
Тыюу салынса, 132 миң 600 окуучу окуу учурунда телефон кармабайт.