Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Беловодск айылындагы мектеп-интернатта сабалган окуучу боюнча маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 23-ноябрь күнү Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Москва районунун Беловодск айылында жайгашкан “Беловодск атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында” чыр-чатак болуп жатат деген маалымат түшкөн.
Аталган факты Москва РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.
«Тергөө амалдары учурунда Беловодск атайын жалпы билим берүүчү (көмөкчү) мектеп-интернатынын 7-классынын окуучусу өзүнүн классташын ур-токмокко алып, денесине залал келтиргени аныкталган. Ага соттук-медициналык экспертиза дайындалган, ал эми анын апасы уулун ур-токмокко алган өспүрүмгө жана бул фактыга жол берген “Беловодск атайын жалпы билим берүү мектеп-интернатынын” директору жана мугалимдерине карата чара көрүп берүү жөнүндө арызы менен кайрылган. Ошол эле учурда Беловодск көмөкчү мектеп-интернатынын директорунун орун басары арыз менен кайрылган. Ал мектепте жаңжал чыгарып, уят сөздөрдү айткан сабалган өспүрүмдүн апасына чара көрүүнү суранган»,-деп жазылат маалыматта.
Азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иши боюнча окуяны ар тараптуу, толук кандуу аныктоого багытталган тергөө-ыкчам аракеттери жүрүп жатат.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.