• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Сабалган окуучу каза болду. Соодагерлер Жапаровдун отставкасын талап кылышты

2 Жалган куран 2023 18:02 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ АСКЕР ТЕХНИКАЛЫК БАЗАГА БАРДЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин өз алдынча Курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасына барды.

Бул база 2022-жылдын октябрь айында ачылган. 2023-2024-жылдарга базанын аймагын кеңейтүү, бронетанканы сактоочу жайларды куруу, аны оңдоо үчүн кошумча жабдууларды орнотуу, коопсуздук тутумун чыңдоо жана башка көптөгөн нерселер пландалып жатканы айтылды.

Курал-жарак жана ок-дары кампаларынан турган ракеталык жана артиллериялык куралдардын кампасында бюджеттен тышкаркы каражатка бир катар сактоочу жайлар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңылары курулган. Жакында коопсуздук системасынын жаңы элементтерин орнотуу жана кирүүчү жолдорду жабдуу пландалууда.

Садыр Жапаров өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын белгилеп, Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берди.

ӨЛКӨДӨГҮ КАДР САЯСАТЫ ТАЛКУУДА

Эки жылдын ичинде Бишкекте 8 жолу мэр алмашса, Каржы министрлигинде 15 орун басар , Саламаттык сактоо министрлигинде 5 орун басар, Энергетика министрлигинде 7 орун басар, Маданият министрлиги менен Адилет министрликтеринде 4төн орун басар, Билим берүү жана илим министрлигинде 4-жолу министр алмашып, Транспорт министрлигинде болсо 3-министр иш алып барып жатканын эл өкүлү Жанар Акаев билдирди. Анын айтымында мындай көрүнүш оң натыйжа бербейт.

ЖОЛ ЭРЕЖЕСИН БУЗГАНДАРГА ЖАЗА КАТААЛДАЙТ

Кыргызстанда жол эрежесин бузгандарга карата жаза катаалдаштырды. 8-марттан тартып мас абалында рулга отургандар бир жылдан үч жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратылат. Бул өзгөртүүлөр жол кырсыктарын алдын алуу максатында киргизилип жатканын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы инспекциясынын башчысынын орун басары билдирди.

САБАЛГАН ОКУУЧУ КӨЗ ЖУМДУ

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 8-класстын окуучусу катуу сабалып, каза болгонун Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 1-мартта болжол менен саат 17:00 чамасында Сузак РИИБнин 102 номерине жергиликтүү тургун иниси Сузак районунун Сафаровка айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучусу өзү окуган мектептин аймагында тааныш балдар тарабынан сабалып, Октябрь аймактык ооруканасына алып келгенде өзүнө келбей каза болгондугун билдирген.

Милиция бул маалымат боюнча текшерүүнү баштап, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Сузак РИИБнин тергөө кызматы тарабынан «адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө 1-мартта саат 14:00 чамасында Сафаровка айылында жайгашкан эски мектептин имаратынын ичинде ушул эле мектептин 10-классынын окуучулары 2006-жылы жана 2007-жылы туулган бир нече бала балдар 8-классынын окуучулары ур-тепкиге алышкан. 2008-жылы туулган бала оор жараат алган жана окуя болгон жерде каза болгондугу такталган.

Кылмыш иши боюнча 4 окуучу кармалып Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

СООДАГЕРЛЕР МИТИНГГЕ ЧЫКТЫ

Бишкектеги Максим Горький аянтында бакта соодагерлер митингге чыгышты. Митингге “Дордой-Дыйкан”, “Дордой-Моторс”, “Азиз базар”, Ош базарларынын ишкерлери чыгышкан.

Катышуучуларга Салык кызматынын төрагасынын орун басары Ислам Кыдыргычев чыкты. Бирок ага сүйлөөгө уруксат берилген жок.

Митингчилер президент Садыр Жапаровду жана Жогорку Кеңештин депутаттарын ККМ, ЭТТН киргизүү боюнча министрлер кабинетинин токтомдорун жокко чыгарууну, патент системасынан чыгып, алардын үнүн угууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек, катышуучулар контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүүгө, электрондук накладнойлорду колдонууга, соода ишмердигине бирдиктүү салык салууга каршы. Митингчилер чекене соода үчүн патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Количество просмотров: 415