• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бердимуратова: Зомбулук көргөн аялдарга көмөк көрсөтөм

8 Тогуздун айы 2021 12:29 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Гульжан Бердимуратова.

Бердимуратова Кара-Көл шаардык кеңешинде депутат.

«Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынан келдим. 2017-жылдан бери балдар чыгармачылык үйүндө эмгектенем жана шаардык кеңеште депутатмын. Мындан сырткары, зомбулук көргөн аялдарга жардам берүү иштерин аткарам. Мисалы, жолдошу менен ажырашып, үйүнөн куулган аялдарды кризистик борборго жайгаштырууга көмөк көрсөтөм. Өзүм окуганды абдан жакшы көрөм, адам баласы эч качан бардык нерсени билдим деп мурдун көтөрбөш керек. Бул тренингден көп нерсени үйрөнөм деп үмут кылып жатам»,-деди ал.

Количество просмотров: 412