Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун Тажикстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагындагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен кызматташтык тууралуу 23 документке кол коюлду.
Мындан тышкары эки өлкөнүн президенттери Сердар Бердымухамедов менен Эмомали Рахмон Түркмөнстандын жана Тажикстандын ортосундагы стратегиялык кызматташтыкты тереңдетүү тууралуу декларацияга да кол коюшту.
Өз кезегинде Түркмөнстандын президенти сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өткөнүн билдирди. «Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тынчтыкты, туруктуулукту жана жалпы коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Биздин өлкөлөр дүйнөдөгү маселелердин баары сүйлөшүү жолу менен гана чечилиши керек деп ишенет», – деп билдирген түркмөн президенти.
Бердымухамедов менен Рахмон ошондой эле Хатлон облусунун Дусти айылындагы 1080 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушуна символикалык түрдө старт беришти. Бул окуу жайга түркмөн адабиятынын классиги Махтумкулинин ысымы ыйгарылары кабарланды.