Бишкектеги «Берекет гранд», «Берекет универсал», «Беш-Сары» жана «Ош базарында» соода кылгандар нааразычлык акцияга чыгышты. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланды.
Алар контролдук-кассалык аппараттарды коюуга каршы болушууда.
Белгилей кетсек, Бишкекте жана аймактарда ККМге каршы митингдер өтүп жатат. 1-декабрда Бишкектеги Аламүдүн базарынын соодагерлери көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, митингге чыгышкан. 29-ноябрда Оштогу Кара-Суу базарынын ишкерлери акция өткөргөн.
Ошондой эле “Дордой”, “Орто-Сай” базарларынын соодагерлери да нааразылык акция өткөрүп, “Мадина” базарында иштеген ишкерлер иш таштаган.
Кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзгөнү кабарланган.