• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

«Берекет универсал» соода борборунун ээси Бегалиев кармалды

19 Үчтүн айы 2024 10:36 Бишкек Govori.TV

УКМК «Берекет» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Болотбек Бегалиевди кармады. Бул тууралуу Kaktus.media сайты өздүк булактарына таянып жазды.

Маалыматка ылайык, ал соодагерлерге карата алдамчылыкка шектелүүдө. Бир күн мурун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери Бишкектеги Ош базарынын аймагында жайгашкан үч имаратта тинтүү жүргүзүшкөн. Тинтүү болгон бардык кеңселер мөөр басылып, документтери алынды.

Бегалиевден сырткары «Берекет универсал» соода борборунун башкы директору камакта.

Азырынча атайы кызмат бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Теги:
Количество просмотров: 2148