• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

«Берекет» базарынын ээсинин кармалышы боюнча УКМК маалымат таратты

19 Үчтүн айы 2024 11:39 Бишкек Govori.TV

«Берекет» базар комплекстеринин негиздөөчүсү жана башкы директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан чарба жүргүзүүчү субъекттерге жагымдуу шарттарды түзүү жана соода борборлорунун ижара акысын төмөндөтүүнүн алкагында «Берекет Гранд» жана «Берекет Универсал» соодагерлерине карата өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактылары аныкталды.

Такталгандай, 2017-жылдан азыркы убакытка чейин «Берекет» ЖАКтын жетекчилери Б.Б.К. жана А.И.Ж. алдамчылык аракеттерди жасоо максатында кылмыштуу бүтүмгө кирип, ижарачыларды укук белгилөөчү документтерди бербестен, аларды токтотуу коркунучу астында соода комплекстериндеги коммерциялык жайларды сатып алуу-сатуу боюнча жалган келишимдерди түзүүгө мажбурлашкан, алардын баасы чарчы метри үчүн 500дөн 2000 АКШ долларына чейин болгон.

Мынтан тышкары, соодагерлердин эсебинен мыйзамсыз баюу максатын көздөп, ЖАКтын администрациясы соодагерлерди соода-сатык келишимдерин түзүүдө, ЖАКтын администрациясы жеке максаттарын пайдаланып 500дөн 1000 АКШ долларына чейин көмүскө компенсацияларды төлөөгө мажбурлаган. Соода аянтчаларын жасалма сатуудан кийин ишкерлерден өзгөчө ири өлчөмдөгү ижара төлөмдөрү да алынган. Коммерциялык жайлардын жасалма ээлери өз жерлерин башкаларга кайра саткан учурларда, акыркысы «Берекет» ЖАКтын демилгеси жана мажбурлоосу боюнча ачыктан-ачык жагымсыз шарттарда, аталган жерди «Берекет Гранд» соода комплекси» кайра каттоо үчүн 100 миң сом жана соода аянтын сатуудан түшкөн пайданын 50 пайызын («Берекет Универсал» соода борборуна) төлөп беришкен, бул бизнес жүргүзүү үчүн оор шарттарды түзгөн. Ошол эле учурда бул соода комплекстеринде ишкерлерге тиешелүү шарттар түзүлгөн эмес.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында 2024-жылдын 19-январында соода аянтын ижарага берүү жана сатуу үчүн алдамчылык жана мыйзамсыз түрдө акча чогулткан «Берекет» ЖАКтын негиздөөчүсү Б.Б.К. жана АКнын президенти А.И.Ж. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Өз кезегинде, соодагерлер үчүн шарттарды жакшыртуу боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында ижара акысынын 30% арзандагандыгы тууралуу маалымат каражаттарына такталбаган маалымат таратышып, «Берекет» ЖАК ижарачылардын 90%ы үчүн ижара акысын 10% гана төмөндөтүшкөн.

Азыркы учурда бул фактыга тийешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

УКМК соода базарлары тарабынан алдамчылык аракеттерге жана КР мыйзамдарын бузууга, ишкердик ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн мыйзамсыз тоскоолдуктардын жана туура эмес шарттардын ар кандай фактыларын түзүүгө жол берилбестигин эскертет, КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт. Эгерде бул фактылар боюнча жабырлануучулар болсо УКМКга кайрылууну өтүнөт.

Количество просмотров: 468