• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Берлинде орнотулган “Жаш манасчы” айкелинин автору Тамила Маматова билдирүү жазды

29 Аяк оона 2023 10:28 Бишкек Govori.TV

28-сентябрда президент Садыр Жапаровдун Германиядагы иш сапарынын алкагында Берлин шаарындагы элчилигинде орнотулган “Жаш манасчы” айкели менен таанышты.

Аталган айкелдин автору сүрөтчү-скульптор Тамила Маматова фейсбук баракчасына билдирүү жазып, айкелдин расмий ачылышы октябрь айында боло турганын билдирди.

«Бул «Бала манасчы» айкелинин автору мен болом. Аябай сыймыктанып турам. Президентке абдан жакканын сезип турам. Бирок бул официалдуу ачылышы эмес. Ачылыш октябрь айынын аяк ченине белгиленип жатат», — деп жазды ал.

Кошумчалай кетсек, орнотулган QR-код менен айкел жөнүндө кеңири маалымат алып, ошондой эле “Манас” эпосунан үзүндү укса болот.

Количество просмотров: 264