• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Берлинде «Жашыл Борбордук Азия» конференциясы болуп өттү

29 Үчтүн айы 2020 9:22 Бишкек Govori.TV

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Германиянын Федералдык тышкы иштер министри Хайко Маастын чакыруусу менен «Жашыл Борбордук Азия» демилгеси боюнча өтүп жаткан конференцияга катышты.

Маалыматка ылайык, конференция 28-январда өтүп, ага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, Афганистандын тышкы иштер министрлери, катышкан.

Конференциянын жүрүшүндө министр Чыңгыз Айдарбеков баяндама жасады. Министр өз сөзүндө суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселеси боюнча Германиянын ТИМнин жаңы демилгесинин алкагында региондо конструктивдүү кызматташууга Кыргызстандын даярдыгын билдирип, өлкөдөгү уран калдык сактагычтары менен байланышкан учурдагы коркунучтарга көңүл бурган.

Кошумчалай кетсек, Германия ТИМнин «Жашыл Борбордук Азия» демилгеси 2019-жылы Бишкек шаарында көрсөтүлгөн Европа Бирлигинин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясынын алкагында ишке ашырылат. Демилге климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн ээриши, курчап турган чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоо маселелерин камтыйт.

Количество просмотров: 46