Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин далилдүү медицина боюнча адиси, Кыргыз Республикасынын Медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова агынан жарылып, фейзбуктагы баракчасына пост жазды.
Ыссык-Көлдө кызматтык учурда унаа коюп кетип, кырсыкка учураган жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери дарыгерлердин күнөөсү менен эмес, жалган үмүт менен медиктерге ашыкча талап койгондун өзү туура эмес экенине токтолду.

Чогулуп алып, министрге кайрылуу жолдоп жатышкан бул адамдардын баары комага түшкөндө дарыгерлер эмне кылышы керектигин кайдан билишет? Эмне үчүн медициналык компетенттүүлүгү жок туруп жаманбы, жакшыбы баасын беришет!
Бактыга жараша, бейтап дароо эң тажрыйбалуу дарыгерлерге туш болгону үчүн, аны дароо жасалма дем алдыруучу аппаратка жаткырып, рентгенге тартып, нейрохирургдарды чакырып, баш мээсинин текшерип, травмасы үчүн терапиянын бардык түрүн жүргүзүшкөн. Мына ошонун натыйжасында бейтап аман калган. Азыр мээ чоң коркунучта. Анткени, кома — мээнин бузулушунун экстремалдуу көрүнүшү.
Чолпон-Ата шаарындагы оорукана жыл бою, күнү-түнү көзөмөлдө. Анткени курорттук аймак болгондуктан, трассадагы жол кырсыктарынын баарын Чолпон-Атага алып келишет. Ал оорукана өлкөдөгү эң күчтүү реанимация бригадаларынын бири. Ошондуктан, тынымы жок иштейт. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин машине коюп кеткен күнү жарым сааттык аралык менен үч адам жол кырсыгынан, унаа кагылышынан алган жаракатынан улам эс-учун жоготкон абалда аталган ооруканага жаткырылган.
Ал ооруканага үрөй учурган кырсыктардан жабыркаган күн сайын ондогон адамдарды алып келет. Алардын өмүрүн сактап калууга дарыгерлер болгон арактеин жумшайт. Ошон үчүн кырсыкка дарыгерлердин кандай тиешеси бар? Эмне үчүн кайрылуу жасаганлар жана башкалар кырсыкка күнөөлүүлөр менен иш кылышпайт? Эмне үчүн МАИ кызматкери менен кагылышуусуна күнөөлүү адамды издешпейт? Муну кантип түшүнсө болот?
Прогноз мээнин бузулушунун оордугуна жараша болот. Ошондуктан, азыр эч ким эч нерсе дей албайт. Жыйынтыгына да жооп бере албайт. Себеби, жыйынтыгы ар кандай болушу мүмкүн.
Учурда оорулуу Бишкек шаарына жеткирилген, анткени бардык эле аймактарда МРТ жок. МРТ ички гематомалардын бар-жоктугун жана операцияга көрсөтмөлөр барбы же жокпу көрсөтөт.
Өмүрлүк функцияларды сактоодон тышкары, мээ эс алууга жана, балким, хирургиялык кийлигишүүгө муктаж. Ошон үчүн дарыгерлерди жек көрүп энергияны коротуштун кажети жок. Мындай учурда эч ким, эч кандай кепилдик бере албайт. Ошондуктан баарыбыз кызмат учурунда трассадан сүзүп кеткен МАИ кызматкердин амандыгын тилейли.