• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Министрлик дарыгерлердин кармалышы боюнча билдирүү таратты

3 Үчтүн айы 2023 20:10 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министрлиги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Шаардык балдар ооруканасынын дарыгерлеринин кармалышы боюнча комментарий берип, каза болгон баланын жакындарына көңүл айтты.

«Биз каза болгон баланын жакындарына көңүл айтабыз. Ооба, дарыгерлер дайыма эле медициналык жардам көрсөтө алышпайт, бирок биз ар дайым бейтаптын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык зарыл болгон нерселерди жасайбыз», — деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Дарыгерлер окуядан кийин алардын кесиптештеринин көбү жумуштан кетүүнү каалап жатканын белгилеп, министрлик дарыгерлерди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

«Биз бардык медицина кызматкерлерин дүрбөлөңгө түшпөөгө жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырабыз. Дарыгердин кесиби эң гумандуу жана ошол эле учурда жоопкерчиликтүү иш болуп келген жана боло берет, дарыгерлер ар дайым колунан келгендин баарын жасап, улуттун саламаттыгын сактоо үчүн аракет кылышат.

Ошондой эле мындан ары ушул сыяктуу жагдайларды болтурбоо үчүн медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатына көзөмөлдү күчөтүү боюнча тапшырмалар берилди», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 13-ноябрында саат 07:00 чамасында бала ашказаны ооруп, ооруканалардын бирине түшкөн, саат 12:30да бейтап башка оорукананын реанимация бөлүмүнө которулуп, ошол жактан эсине келбей каза болгону аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин «Медицина же фармацевтика кызматкерлеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы» боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А. 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г.лар кармалып, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. Дарыгерлер убактылуу кармоочу жайга, андан соң соттун чечими менен үстүбүздөгү жылдын 10-январына чейин СИЗО-1ге камалган.

Количество просмотров: 313