БеспределKG баракчасынын администратору Автандил Жоробековдун бир тууганы Чынара Темирова коомчулукка анын ичинде саясатчы Өмүрбек Текебаевге кайрылды.
«Урматтуу Өмүрбек Чиркешович, сиздин соттук отурумдарыңызга байкем барып, сизге колдоо көрсөтүп келген. Эми биз сиздин жардамыңызга муктажбыз. Автандил Жоробеков 24-ноябрда кармалды. Ага «аймактар аралык касташууну козутуу» беренеси менен кылмыш иши козголду. Ал 25-ноябрда адамдарды тынчтык митингине чакырганга үндөгөн жана «Хабибулла менен Соке Райымды чыгарып кетти» деген билдирүүсү үчүн айыпталууда. Ал коррупция боюнча айтуудан корккон эмес. Байкем өлкөдө сөз эркиндигине жана оюн жеткирүүдө укугу бар», — деп билдирди Чынара Темирова.