• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Москвадагы кырсык боюнча шектүүнүн карындышы окуя тууралуу айтып берди

10 Аяк оона 2018 9:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.09.2018. Govori.

Москвада кыргызстандык жигиттер уруша кетип, аларды атайын сүздү деп шектелген жарандын карындашы орусиялык телеканалга окуянын чоо-жайын айтып берди.
Ал күнү Москванын Новочеркасский бульварындагы кафеде шектелүүчү Бекжан Сарбишев, бир тууган карындашынын туулган күнүн белгилешкен. Кыздын айтымында, ал кезде башка балдар алардын тынчын ала баштаганда агасы коргоого аракет кылып, чатак башталган. Балдар аны уруп-сабагандан кийин ал ачуусу менен барып унаага отурган. Рулду башкара албагандыктан унаанын тормозун тепкендин ордуна газды тээп алган.
Эске салсак, 9-сентябрда Москвада кыргызстандык айдоочу «Volkswagen Polo» унаасы менен Новочеркаский бульварындагы өз мекендештерин тебелеп кеткени кабарланган. Анда тогуз киши жабыркап, бир киши каза болгон.
Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул окуяны иликтей баштаганын кабарлады.
Кылмышка шектүү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнө караштуу Токтогул айылында туулган. Кийин ал Орусияда эмгектенип жүрүп, Орусиянын жарандыгын алган.

 

 

 

Количество просмотров: 43