• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Беттештен соң жаш футболчулар Ташиевди туулган күнү менен куттукташты

27 Аяк оона 202423:00 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстан менен болгон оюндагы жеңиштен кийин жаштар курамасынын оюнчулары КФБ Президентин Камчыбек Ташиевди жылуу маанайда өздүк майрамы менен куттукташты.

КФБ башчысына команда оюнчулардын кол тамгалары бар топту белек кылышты.

Белгилей кетсек, бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы Түркмөнстанды 1:0 эсебинде жеңишкен.

Беттештин экинчи бөлүгүнүн 61-мүнөтүндө Бекназ Алмазбеков пенальти аркылуу гол киргизди. Бул Азия кубогуна тандап алуу оюндарынын алкагындагы экинчи жеңиш. 29-сентябрда жаштар курама командасы тайпадагы акыркы оюнда Япониянын курамасы менен кез келет.

Белгилей кетсек, Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген беш курама жолдомо алат.

Количество просмотров: 172