• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бийбосунов Лейлек жана Сүлүктүнүн милиция кыматкерлери менен жолукту 

25 Аяк оона 202213:29 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Баткен облусунун Лейлек районунун Андаркен айылындагы жана Сүлүктү шаардык ички иштер органдарынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушууда милиция бөлүмдөрүндө өздүк курамы менен кошумча күчтөрдүн иш алып баруусу менен таанышып, кошумча тапшырмаларды берди. Ошондой эле алардын уюштуруучулук жана камсыздандыруу иштери менен таанышып чыкты.

Андан сырткары, Сүлүктү шаарында шаардык кеңешинин депутаттары жана эл активисттери менен жолугуулар өттү.

Өз кезегинде кызматкерлердин баары күжүрмөн экендигин, өлкө үчүн өздөрүнө белгиленген кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып жатышкандыгын белгилеп кетти.

Количество просмотров: 80