• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бийлик “Кумтөрдү” өткөрүп берүү процесси аяктаганын жарыялады

29 Теке 2022 18:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-июлда, Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы элчилигинде “Кумтөр” алтын кенин Кыргызстандын менчигине өткөрүү процессин тастыктаган документтерди алмашуу процедурасы өттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Кыргызстандын Элчилигинин аймагында тараптардын эл аралык юридикалык өкүлдөрүнүн жана эскроу-агенттин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улан Джусуповго юридикалык документтердин толук пакети, анын ичинде “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” компанияларынын акцияларынын 100%ын «Кыргызалтын» ААКтын пайдасына менчик укугунун толук өтүшүн каттоо үчүн өткөрүп берүү актылары, ишеним каттары жана күбөлүктөр тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине республиканын улуттук кенчи – “Кумтөр” кенин Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн улуттук мыйзамдардын (экологиялык, салыктык, корпоративдик, эмгектик ж.б.) жана эл аралык стандарттардын бардык талаптарын сактоо менен натыйжалуу иштетилишин камсыздоо үчүн ыкчам тапшырмаларды берди.

Бүгүн эле, 29-июлда, Келишимде каралган бардык финансылык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын пайдасына жүргүзүлдү.

Жетишилген келишим башка нерселер менен катар төмөнкү пункттарды камтыйт:

“Кумтөр” кени толугу менен республиканын менчигине өтөт. Ошол эле учурда Кыргызстан 2021-жылдын 15-майынан тарта кенден өндүрүлгөн алтындын ээси катары таанылат.

Мындан тышкары, “Центерра” болжол менен 11 миллион АКШ доллары өлчөмүндө дивиденд төлөйт.

Ошондой эле «Центерра» тарабынан кыргыз тарапка 50 миллион АКШ доллары өлчөмүндө бир жолку төлөм макулдашылды.

“Кумтөр” кени боюнча Рекультивациялоо фондун башкаруу Кыргызстанга өтөт, көлөмү болжол менен 53 миллион АКШ доллары. Бул сумма дагы Кыргызстандын банктарынын бириндеги атайын эсепке которулат.

«Центерра» кыргыз тарапка каршы демилгеленген бардык соттук териштирүүнү токтотот: АКШда (27-июлда токтотулган), Швецияда жана Канадада (доолорду кайтарып алуу каттары 28-июлда жөнөтүлгөн).

Теги:
Количество просмотров: 235