• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Акаев: Бийлик эки ири аэропортту түркиялык компанияга сырткы башкарууга бергени жатат

30 Кулжа 202211:12 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинети «Манас» жана «Ош» аэропортторун 39 жылга тышкы башкарууга түркиялык компанияга берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, түрк компаниясы ачык сынаксыз тандалып алынган.

«Министрлер кабинети «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторун 39 жылга түрктөрдүн анча белгилүү эмес компаниясына сырткы башкарууга берүү боюнча меморандум түзүүнүн алдында турат. Биз аэропортторубузду 39 жылга сырты башкарууга берип жатабыз, муну Акылбек Жапаров ушул трибунада айткан. Бул абдан туура эмес. Анткени Дүйнөлүк банкка IFC менен келишим түзүп, ачык конкурс өткөрүлөт деген сөз берилген. Германиядан, Голландиядан, Түштүк Кореядан ири компаниялар катышууга аракет кылып жатканда эч кандай конкурсу, тендери жок эле эки чоң аба майданды 2061-жылга чейин сырткы башкарууга бергени жатабыз», — деди Жанарбек Акаев.

Депутат Шайлообек Атазов кесиптешин колдоп, аэропорт тууралуу маалыматты угууну сунуштады.

Количество просмотров: 29