• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бийликтен жардам сурап Нур-Султанга барган жумушсуздарга айып пул салынды

24 Кулжа 2022 9:25 Бишкек Govori.TV

23-июнда Нур-Султан полициясы Жаңы-Өзөндөн борборго келип, өкмөттөн мунай тармагында жумушка орноштурууну талап кылып, эки аптадан бери эмгек министрлигинин имаратынын алдында түнөп жаткан 19 кишиге 16 миң теңгеден (33 доллардын тегереги) айып пул салды.

Бийлик аларды “коомдук тартипти камсыздаган адамдын мыйзамдуу талабына баш ийбегени” үчүн административдик жазага тартты. Бул тууралуу полиция бөлүмүнө жеткирилген кишилердин бири Ерлан Утенов кабарлады.

Утеновдун айтымында, полициянын атайын бөлүгүнүн кызматкерлери аларды автозакка салып, Есил райондук полиция бөлүмүнө алып барган.

– Биз 12-июндан бери Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин алдында түнөп жатабыз. Талаптарыбызды кагазга жазып, министрликке, Акордого жөнөттүк. Бирок али жооп жок. Министр Тамара Дүйсенова кабыл алат го деп ойлогонбуз, эч кандай реакция болгон жок. Бүгүн эртең менен полициянын атайын жасоолу колу-бутубузду кайрып алып кетти, – деди Утенов.

Нур-Султан шаардык полиция департаменти жаңы-өзөндүк жумушсуздардын кармалышы жана айып пул салынышы боюнча түшүндүрмө берген жок. Борбордо жүргөн шаардык кеңештин депутаттары Аскар Ногаев менен Орынбасар Сеитов айып пул салынган кишилер менен жолугуп, Жаңы-Өзөнгө кайтууну сунушташты.

Количество просмотров: 449