• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бийликти басып алуу аракети боюнча кармалгандардын баш коргоо чарасы тандалды

29 Жетинин айы 2021 15:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык Биринчи май райондук соту бийликти басып алууга аракет кылууга шектелип кармалгандар камакка алуу чечимин чыгарды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ошентип, шектүүлөр Н.Сатынбеков, А.Мусакеев, К.Сатар уулу, Н.Калекеев, Р.Акматбеков, Б.Купешов, Н.Сүйөркулов жана Н.Большевиковго карата сотко чейинки өндүрүш аралыгында, башкача айтканда 2022-жылы 26-январь чейин ЖАМКнын №21 мекемесинде кармоо баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Шектүү С.Сапарбековго карата 2021-жылдын 26-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү ЖАМК №21 мекемесине камакка алуу баш коргоо чарасы, ал эми Б.Жетигеновду 2022-жылы 26-январга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алуу чечими чыгарылды.

Эскерте кетсек, КР УКМК жана ИИМдин парламенттик шайлоодо коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иштерди аткаруунун жүрүшүндө шайлоодон кийин өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздантып, андан кийин бийликти күч менен басып алууну пландаштырып жаткандар кармалган.

Количество просмотров: 176