• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

УКМК «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Ураимовдун кармалышы боюнча маалымат таратты

9 Бирдин айы 2022 9:25 Бишкек Govori.TV

Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, атайы кызмат тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинде («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык») каралган кылмыштын белгилерин камтыган чагымчыл материалдарды социалдык тармактарда таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле иш боюнча алынган далилдердин негизинде 2022-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын жараны «У.М.» кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Кошумчалангандай, учурда тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ кечке маал «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимовду укук коргоо органдары Бишкектеги үйүнөн кармап кетишкен.

Анын тарапташтары Ураимов 48 саатка камакка алынганын билдиришкен.

Ага чейин «Бүтүн Кыргызстандын» мүчөсү Орозайым Нарматова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кармалган активистке бир нече күн мурун УКМКдан эскертүү берилгенинин жазган.

Количество просмотров: 664