• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Камалган Чүйдүн балдарын колдоп койбойсуңбу». Сооронкулова жоголуп табылган Мияровду зекиди

3 Бештин айы 2021 11:53 Бишкек Govori.TV

Govori.TVнын «Майдан» дебатында “Ата Мекен” партиясынын талапкери Клара Сооронкулова “Ордо” партиясынын жетекчиси Мирбек Мияровдун дарегине нааразы пикирин айтты.

Сооронкулованын айтымында, Мияров «бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен кармалган балдарды колдоо сөзүн айтуусу керек болчу.

«Социалдык тармактан болобу, же кайрылуу кылыппы кармалган Чүй ынтымагы деген балдарды колдоп койсоң болмок, 15 бала камалып жатат. Сени өткөн шайлоодо да , азыр да колдоп жүрүштү, сен унчукпайсың. Бир ооз айтып койбойсуңбу, мыйзамсыздык, адилетсиздик болуп жатпайбы…», — деди Сооронкулова.

Ага жооп кайтарган Мияров «Эл ынтымагынын» балдары анын жанында жүрбөгөнүн айтып, «эми азыр алардын беренеси кандай экени боюнча юридикалык баа берилет. Эгер туура эмес иштер болуп жатса, албетте биз аларды колдойбуз», — деди.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту «бийликти күч менен басып алууга даярданган» деген шек менен Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигеновду, «Чүй ынтымагы» жана «Эл ынтымагы» биримдигинин айрым өкүлдөрүн эки айга камаган. Айрым талапкерлер суракка чакырылган.

Количество просмотров: 4604