Бүгүн, 14-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Купешев Болотбек Душекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Ал эми «Азаттык» өкмөттөгү булактарына таянып мурдагы Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев кайрадан министр болуп дайындалганын жазды.
Министрликти 2021-жылдын май айынан бери жетектеп келген Болотбек Купешов кызматын ден соолугуна байланыштуу тапшырганы кабарланды.