• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Билим берүү министри Чүйдөгү мектептерди кыдырды

19 Үчтүн айы 202110:57 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чүй облусунундагы көйгөйлүү мектептерди кыдырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жайыл районуна караштуу Ийри-Суу айылындагы мектептин, Москва районуна караштуу Ленин атындагы орто мектептин жана Панфилов районунун Кум-Арык айылындагы мектептин эскилиги жетип, бүгүнкү күндө мектептер өзгөчө кооптуу абалда.

«Министр мектептерге тиешелүү кагаздар менен таанышып, министрлик өкмөт менен биргеликте бул көйгөйлөрдү чече тургандыгын айтты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 91