• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Билим берүү министри иш сапары менен Ысык-Көлгө барды

9 Бештин айы 202010:50 Бишкек Govori.TV

 Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, министр иш сапарын Балыкчы шаарынан баштап, Тоң, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда улантып, Каракол шаарына барды. Иш сапардын алкагында ал окуу процесси реалдуу режимде жанданган мектептерге барып, окуучулардын сабактарына катышты.

Бейшеналиев тиешелүү адистер менен авариялык абалдагы мектептерди талкуулаган.

Количество просмотров: 164