Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Мамбетакунов 1974-жылы 25-сентябрда Бишкек шаарында туулган.
OsOO.kg сайтында көрсөтүлгөндөй, Уланбек Мамбетакуновго «Кыргыз информатика ассоциациясы» жана «Жаш окумуштуулар кеңеши» коомдук бирикмеси катталган.
БИЛИМИ:
1991-1996-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультети, «Физика». Мугалим;
1996-1999-жж. – Кыргыз мамлекеттик университетинин аспирантурасы.
ИЛИМИЙ НААМЫ ЖАНА ИЛИМИЙ ДАРАЖАСЫ:
2016-ж. – Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы, илимий наамы: «Педагогика» адистиги боюнча профессор, ПА № 001148;
2012-ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий даражасы: педагогика илимдеринин доктору, ID № 000839;
2006-ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий наамы: «Педагогика» адистиги боюнча доцент, № 001017;
2002-ж. – Кыргыз Республикасынын Улуттук аттестациялык комиссиясы, илимий даражасы: педагогика илимдеринин кандидаты (физика), № 001007;
ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:
2022-ж. – Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары;
2019-2022-жж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти;
2017-2019-жж. – Адам университети / Бишкек финансы-экономикалык академиясынын профессору;
2010-2017-жж. – Адам университети / Бишкек финансы-экономикалык академиясынын фундаменталдык дисциплиналар кафедрасынын башчысы;
2013-2016-жж. – Евразия университетинин профессору;
2014-2014-жж. – Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин математика, физика жана информатиканы окутуунун методикасы кафедрасынын чакырылган профессору;
2013-2014-жж. – Эл аралык Плато университетинин профессору;
2010-2011-жж. – Бишкек финансы-экономикалык академиясынын Маалыматтык технологиялар борборунун директору;
2008-2010-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Евразия инновациялык технологиялар институтунун доценти;
2008-2009-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Евразия инновациялык технологиялар институтунун менеджери;
2008-2012-жж. – Кыргыз билим берүү академиясынын улук илимий кызматкери;
2007-2008-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар институтунун доценти;
2005-2007-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун компьютердик технологиялар кафедрасынын деканы;
2004-2009-жж. – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын табигый илимдер жана маалымат укугу кафедрасынын доценти;
2003-2005-жж. Кыргыз-Түрк кыздар кесиптик лицейинин информатика мугалими;
2002-2005-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун табият таануу бөлүмүнүн башчысы;
2000-2002-жж. – Ж. Баласагын атындагы КУУнун Адистерди максаттуу даярдоо институтунун компьютердик технологиялар кафедрасынын окутуучусу;
1995-2002-жж. – Бишкек шаарындагы № 47 орто мектептин физика, астрономия жана информатика мугалими;
1993-1994-жж. – Бишкек шаарындагы № 28 орто мектептин физика мугалими.
СЫЙЛЫКТАРЫ:
2021-ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Илимдин мыктысы» төш белгиси;
2015-ж. – Европа илимий-өндүрүштүк консорциумунун Михаил Ломоносов медалы;
2009-ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы» төш белгиси;
2008-ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы;
2007-ж. – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Ардак грамотасы;
2005-ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Алтын диплому;
2003-ж. – Кыргыз Республикасынын Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы;
1999-ж. – Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Диплому.