• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мамбетакунов: 41 жылдан бери мектеп директорлугунан түшпөй келгендер бар

13 Теке 202211:27 Бишкек Govori.TV

41 жылдан бери мектеп директорлугунан түшпөй иштеп келе жаткандар бар. Бул тууралуу маалымат жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов билдирди.

“Өлкө аймагында 2 миң 233 мектеп болсо, 966 мектепте директорлор беш жылдык мөөнөттөн ашык иштеп жаткандыктан сынак жүрөт. Мектептер боюнча анализ жүргүздүк, айрым мектеп директорлору өздөрүнүн ордуларында 38-41 жылдан бери эмгектенип келе жатышат», — деди ал.

Эскерте кетсек, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин конкурстук негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койду.

Количество просмотров: 2659