• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кызматтан алынган министр билдирүү жазды

24 Бирдин айы 202315:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-февралда кызматтан кеткен билим берүү министри Уланбек Мамбетакунов Фейсбук баракчасына билдирүү калтырды.

«Ишенимиңиздерге ыраазычылык! Кандай болбосун мен билим берүү системасында калам», — деп жазды ал.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, бүгүн, 24-февралда Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулган. Ал 2022-жылдын октябрынан бери министр болуп иштеп келген.

Количество просмотров: 780