• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Билим берүү министрлиги окуучулар милдеттүү түрдө маска тагынышы керектигин эскертти

13 Аяк оона 2021 13:48 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкекте дарыгерлердин сунушуна ылайык, окуучулар милдеттүү түрдө маска тагынышы керектигин эскертти. Бул тууралуу министрдин орун басары Надира Жусупбекова 13-сентябрдагы маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаал өзгөрүп кетиши ыктымалдыгын эске алып өлкө боюнча мектептерде беткап тагуу сунушталат.

Буга чейин министрликтин өкүлү Гүлшан Абдылдаева мектептерде маска тагынуу милдеттүү эмес экенин айткан. Ал бет кап тагынуу эрежелерин окуучулар сактабай, аны көзөмөлдөө кыйын экенин белгилеген. Дарыгерлер масканы ар бир эки саатта алмаштырып туруу зарыл экенин эскертишет.

Количество просмотров: 751