Бишкек.15.05.2019.Govori.TV.
Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн жазылган орус тили жана адабияты сабагынан жазылган эссенин үлгүсү жарыяланган. Анда толгон каталар бар экени байкалат.
Бул көрүнүштү алгач орус тил мугалимдери көтөрүп чыгып, министрликтин катасына таң калышкан.
Эске салсак, Билим берүү жана илим министрлигинин алгачкы катасы эмес. Бул тууралуу коомчулукта бир катар пикирлер айтылып, министр катуу сынга калган.
Ал эми министр Гүлмира Кудайбердиева бир, эки тамгадан ката кетсе эч нерсе болбойт деп, аларга асылгандарга түшүнбөөрүн айткан.