• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Билим берүү объектилеринин күз-кыш мезгилине даярдыгы талкууланды

14 Аяк оона 2021 10:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова КР президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарларынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин катышуусунда билим берүү уюмдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы маселеси боюнча жумушчу кенешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Кенешменин жүрүшүндө билим берүү объектилеринин жылытуу мезгилине даярдыгы, анын ичинде жылытуу тармактарындагы оңдоо иштерин жүргүзүү жана каржылоо маселеси талкууланды.

Жылдыз Бакашова белгилегендей, күз-кыш мезгилинде билим берүү уюмдарына жылуулук үзгүлтүксүз берилиши керек жана бардык оңдоо иштери белгиленген мөөнөттө жыйынтыкталышы зарыл.

Кеңешменин катышуучулары күз-кыш жылытуу мезгилине даярдык иштери тууралуу маалымат беришти, атап айтканда, жылытуу тутумдары ондолуп, жергиликтүү бийлик органдары тараптан көмүр сатылып алынууда.

«Жылытуу тутумдарын козөмөлдөө жана каржылоо иши жергиликтүү бийлик органдарынын милдетине кирет жана алар мектептердеги отказандарды даярдыктан өткөрүп, аларды 1-ноябрга карата тийиштүү түрдө өткөрүп бериши керек», — деди Жылдыз Бакашова.

Количество просмотров: 78